Токон Мамытов: «Баткенге басып кирүүнү агрессия, геноцид катары баалайбыз»

  • Токон Мамытов: «Баткенге басып кирүүнү агрессия, геноцид катары баалайбыз»

    — Алгач айтсаңыз, акыйкатчы институтуна кайрылган адамдардын маселеси көбүнчө эмнеге байлыштуу болууда?

    — Өлкөдө болгон шарттарга жараша көбүнчө үй-бүлөлүк зомбулук, балдардын укугун бузуу, кредиторлордун кайрылуусу, үй мүлктөрүнөн ажырап калгандардын даттануусу көп болуп жатат.

    — Кайрылган жарандардын маселесин тийешелүү тармактарга жолдоп, чечип берүү жагы кандай?

    — Биз бул маселени чечүүдө прокуратура, сот тармагы менен биргеликте иш алып барып атабыз. Мындан тышкары, жергиликтүү бийлик жана башка мамлекеттик органдар менен иш жүрүүдө. Кайрылгандардын укугун коргоо үчүн айрым учурларда сот системасында иштер уланууда. Белгилей кетчү нерсе, прокуратура жана сот тармагы менен иштешүүдө алдыга карай жылыштар, ыңгайлуу шарттар түзүлүп баратат.

    — Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин да ден-соолугу начарлап кеткени айтылууда. Ал киши менен акыркы ирет качан жолуктуңуз? Анын дарыланышына шарттарды түзүп берүү үчүн акыйкатчы институту тарабынан аракеттер барбы?

    — Ал киши менен жолукканыма 7-8 күн болду. Анда ден-соолугуна байланыштуу кайрылуулар болду. Ал жабык жайдын дарыгери менен да сүйлөштүм. Алар мага тийешелүү документтерди беришти. Жакында эле саламаттыкns сактоо министрлиги тарабынан профессорлор жиберилиптир. Алар Атамбаедин ден соолугун текшерип, корутунду чыгарышыптыр. Анда ден-соолугуна коркунуч бар экени белгиленген. Биз ошол корутундунун негизинде прокуратура, сот тармагы менен иш алып барып жатабыз. Бирок, азырынча кандайдыр бир жыйынтык айтуу эрте.

    — Экс-президентке жолукканыңызда дагы эмнелерди сүйлөштүңүз?

    — Көпчүлүк сөз ден-соолугуна байланыштуу болду. Ошондой эле, өлкөдө болуп аткан кырдаал боюнча ой-пикир алмаштык. Саясий, экономика, социалдык абал жана чек ара маселелери жөнүндө кыскача баарлаштык.

    — Баткендеги жергиликтүү элге карата Тажикстан тараптын агрессивдүү басмырлоого байланыштуу кандай иштер жүргүзүлүүдө?

    — Биз бейөкмөт уюмдар менен биргеликте атайын топ түзгөнбүз. Учурда биздин кызматкерлер жана алардын өкүлдөрүнөн турган эки топ Баткенде иштеп атышат. Азыр үчүнчү топ даярдалууда. Булар балдардын шартын, маселелерин изилдөө иштерин жүргүзүшөт. Баткенге жөнөгөнү турушат. Биринчи топ мүлкүнөн ажырап, жабыркаган адамдар менен иштешет. Экинчи бирикме түздөн-түз чек ара аймагында жашаган адамдардын укугуна байланыштуу иш алып барышат.

    — Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында кандай чаралар көрүлөт?

    — Анализ, мониторингдин жыйынтыгы ириде өкмөткө жана жергиликтүү бийликке берилет. Эгер эл аралык уюмдардын колдоосу, жардамы керек болсо, сөзсүз түрдө ал жакка да кайрылабыз.

    — Сиз өз сөзүңүздө Баткендеги окуялар чек ара чыры эмес, Тажикстандын Кыргызстанга карата бир тараптуу кол салуусу экенин, бул боюнча мүнөздөмө берилиши зарылдыгын белгиледиңиз. Демек, олуттуу мааниге ээ экен да?

    — Бул мамлекеттин куралдуу күчтөрү биздин чек араны одоно бузуп, жерибизге басып кирип келди. Анда авиация, тик учактар, бронетехникалар колдонулуп, аткылоо жүрдү. Турак жайларды, мектеп, медицина мекемелерин жана башка мүлктөрдү атайылап өрттөштү. Анын негизинде биздин 30 миңден ашуун жараныбыз качышты. Барымтага алынгандар, каза тапкандар арбыды. Жүздөн ашуун адамдар жаракат алышканы факт. Ошондуктан, буга агрессия, геноцид деген аныктама бериш керек. Анын негизинде эл аралык сотко сөзсүз кайрылышыбыз зарыл!

    — Камчыбек Ташиевдин «чыгымдарга, зыяндарга байланыштуу тажик тарапка кайрылбайбыз, бирок алар күнөөсүн мойнуна алышса, караштырабыз» деген сөзү катуу талкууга алынууда. Буга сиз кандай пикир билдиресиз?

    — Менде эки тараптын сүйлөшүү процесси жөнүндө маалымат жок. Ошондуктан, азырынча сын-пикир айтпастан күтө турайын.

    Булак: Азия News гезити

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.