Сүрөт-Тажик коомчулугу маалыматтык согуштан кыргыздардан жеңилгенин моюнуна ала баштады

Бишкек, 07.05.2021 Sokol.media

Соцтармактардын тажикстандык колдонуучулары маалыматтык согушта кыргыздардан утулуп башташканын моюндап, бул үчүн өздөрүнүн журналисттерин күнөөлөшкөн. Бул тууралуу Семетей Аманбеков жазып, тажикстандык колдонуучулардын комментарийлеринин сүрөтүн жарыялаган.
«Биз кырдаалды бузууга жетише алдык жана маалыматтык согушта жеңишке жетише баштадык! Тажиктер бизден «10.0» эсебинде утулуп башташканына тынсызданып жатышат жана утулуунун ызасынан бизди «тамыры жок көчмөндөр» деп аташты.
Журналист-кесиптештерим, соцтармактардын жөнөкөй активдүү колдонуучулары, карапайым кыргызстандыктар менен сыймыктанам! Тажиктерден айырмаланып маалыматка жолду бөгөбөгөн жана бирдиктүү медиаштаб түзүп, Баткенге иш сапарын уюштуруп берген бийликке рахмат.
Бирок эйфорияга алдырбайлы. Жеңиш алыс, ал дүйнөлүк коомчулук Тажикстандагы рахмондук режимди агрессор деп тааныганда, диктатордун өзүн Эл аралык кылмыш трибуналында соттогондо келет!» — деп жазды Семетей Аманбеков.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.