Лебединовкада уурдалган кызды издөөнү милиция улантууда

Бишкек, 07.05.2021 Sokol.media

Чүйдүн Лебединовка айылынан 1995-жылы туулган Изат Курбанова уурдалганы жарыяланган эле.  Кийинчерээк аны уурдаганга шектелген 1997-жылы туулган Абдумалик Мамаяров изделип жаткандыгы белгилүү болгон.

Бүгүн, 7-майга карата кызды издөө иштери улантылып жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.

«Издөө иштери бүгүн дагы улантылууда, табылгыча изделе берет. Милиция кызматкерлери иш алып барууда», — деп билдиришти облустук милициядан.

Эске салсак, 6-майга караган түнү болжол менен саат 02:00 чамасында Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 2001-жылы туулган кыз арыз менен кайрылган. Анда 5-май күнү болжол менен саат 23:00 чамасында белгисиз жарандар Лебединовка айылында жайгашкан соода түйүндөрүнүн биринин алдынан арыз ээсинин эжесин Тайота-Эстима үлгүсүндөгү унаага салып, белгисиз тарапка уурдап кеткендигин жазган.

6-май күнү кечинде социалдык тармактарда уурдалды делген Изат Курбанова өз эрки менен кеткендигин айтып, ата-энесине кайрылуу жасаган видео тараган.

«Менде баары жакшы, кабатыр болбогула. Мен туура эмес кылдым, бирок, апа, мен аны кандай сүйөрүмдү сен билесиң да. Абдумалик мени уурдаган жок. Мен өз каалоом менен кеттим. Мени кечиргиле», — деген ал өз кыйрылуусунда.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.