Кыргызстандын президентинин администрациясы түзүлдү

Бишкек, 07.05.2021 Sokol.media

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, 2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын негизинде президент менен өкмөттүн мурунку аппараттарынын базасында Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясы түзүлдү.

Ошондой эле, мамлекет башчысынын жарлыктары менен:

— Касмамбетов Сүйүнбек Сапарбекович — Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын жетекчиси болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;

— Сатыев Медербек Асанбекович — Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;

Зулпиев Бектур Рысбаевич — Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;

 

— Асанкулов Жеңишбек Асанкулович — Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.