Чек арачылардын айлык акысы көтөрүлөт

Бишкек, 07.05.2021 Sokol.media

Чек ара чегинде иштеген чек арачылардын айлык маянасын жогорулатуу маселеси Баткендеги кагылыш чыкканга чейин каралып келе жаткан көйгөйлөрдүн бири болчу. Бул тууралуу маалыматты министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика министри Улукбек Кармышаков билдирди.

«Атайын долбоор иштелип жаткан. Ага ылайык, жылына 700 миллион сом керектелмек. Бул Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин чек ара кызматына гана жумшалмак. Кечээ бул маселе боюнча төрага менен сүйлөштүк. Токтомго кол коюу гана калды»,-деди ал.

Читайте также: