Бишкектен Түркстанга жаңы аба каттамы ачылат

Бишкек, 07.05.2021 Sokol.media

2021-жылдын 31-майынан тартып Бишкектен Казакстандын Түркстан шаарына аба каттамы ачылат.

«Манас» эл аралык аэропортунан кабарлашкандай, каттам Казакстандын «FlyArystan» лоукостери аркылуу жумасына эки жолу — дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү аткарылат.

Учурда Кыргызстандын борборунан Казакстандын Нур-Султан жана Алматы шаарларына аба каттамдары бар.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.