Алымкадыр Бейшеналиев: «Эгерде Жапаров менен Ташиев болбогондо, Орто Азияда согуш болуп кетмек»

Бишкек, 07.05.2021 Sokol.media 

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактардын алдын алуу боюнча бийликтин аракеттерине баа берди. Ал Vesti.kg сайтында түз эфирде өз пикири менен бөлүштү.
«Менин оюмча, биздин президент Садыр Нургожоевич Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев тарабынан бул жаңжалды болтурбоо үчүн бардык чаралар көрүлдү. Бирок азыр оппоненттер президент эмне үчүн курал колдонууга буйрук берген жок деп жатышат. «Головной» жайгашкан жерде тажик тарап минометтерди жана гранатометторди колдонгон деп ойлойм. Ал эми курман болгондордун көпчүлүгү ошол жерде болчу. Эгер биздин аскерлерге буйрук беришсе, анда ушул убакка чейин жарандык согуш болуп кетмек», — деди министр.

Ал «тажик тарапта дагы, кыргыздарда дагы оор артиллерия бар», — деп түшүндүрдү. «Эгерде согуш башталса, биз ири жоготууларды алдын ала алмак эмеспиз. Согуш бир гана Тажикстан менен Кыргызстанда эмес, Орто Азияда болмок. Афганистан жана башка мамлекеттер дагы кошулмак. Ушуну эске алып, мен президент оор артиллерия, миномет колдонбостон, сүйлөшүүлөр жолу менен токтотуу боюнча туура чечим кабыл алды деп эсептейм. Ошондой эле Ташиев Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен макулдашып, согушту токтотконун билебиз», — деди Бейшеналиев.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.