13-май Орозо Айт майрамы деп белгиленди

Бишкек, 07.05.2021 Sokol.media

13-май Орозо Айт майрамы деп белгиленди. Бул маалыматты муфтияттын маалымт кызматы билдирди. 

Ислам шариатында Рамазан айынын башталуусу жана аяктоосу жаңы чыккан айдын көрүнүүсүнө карап аныкталат. Рамазан айы кээде 30 же 29 күн болот. Пайгамбарыбыз (ага Алланын саламы жана салаваттары болсун) өз сөзүндө: “Айды көрүп орозо кармагыла жана айды көрүп оозуңарды ачкыла. Эгер күн бүркөө болуп силерге ай көрүнбөй калган болсо, анда отуз күндү толуктагыла”- деп буйруган. (Муслим, 1081).

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин чечиминин негизинде Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы 2021-жылдын 13-май, бейшемби күнүн Орозо Айт майрамы деп белгиледи.

 Эскертүү: Жогорудагы көрсөтүлгөн күн айдын чыгуусуна карап бир күнгө айырмалануусу мүмкүн.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.