Жашы жете элек балага бычак менен жаракат келтирген шектүү кармалды

Бишкек, 06.05.2021 Sokol.media

Ысык-Ата районунда жашы жете элек балага ,бычак шилтеп, жаракат келтирген шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта белгиленгендей, 2021-жылдын 4-май күнү болжол менен саат 19:00 чамаларында Ысык-Ата РИИБинин нөөмөт бөлүгүнө аймактык ооруканадан телефон чалуу болуп, 2003-жылы туулган бала бычактан алган жаракатынан улам жаткырылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлерине жашы жете элек баланын  энеси, 1977-жылы туулган М.Л. кайрылган. Ал бейтааныш адам оозеки жаңжалдан кийин мас абалында  уулун бычактап салганын айтып, ага чара көрүүнү суранган. 
Милиция шектүү делген адамды жана анын жашаган жерин аныктады.Коңшулар менен маектешүү учурунда кылмыш жасалган соң, шектүү үйүнө келбей калгандыгы белгилүү болгон.
Чүй ОИИБинин жана Ысык-Ата райондук Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү 1962-жылы туулган М.Н таанышынын үйүндө милиция кызматкерлеринен жашынып жүргөн жеринен кармалды.
Кармалган адам Ысык-Ата РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Азыркы учурда сотко чейинки процесстер уланууда.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.