Тил-элдин көөнөрбөс мурасы

Бишкек, 06.05.2021 Sokol.media

Тил-элдин көөнөрбөс мурасы

Адам баласы өсүп-өрчүшү үчүн, албетте, кандайдыр бир түрткү, же анын бекем бышып-жетилүсү шарт түзгөн таяныч, тирөөч зарыл. Адам адамдык сапатта көрсөтүп турган негизги жагы-анын жылуу мамилеси. Мамиле түзүүда, пикир алышуу да келип отуруп, акыр аягы адамдын бал татыган тилине таянат. Тил-элдин көөнөрбөс мурасы, эч нерсе тең келгис ыйык дөөлөтү, кан-жаны менен кошо бүткөн ар-намыс жана сыймыгы. 1989-жылы 23-сентябрь Кыргыз адабий тилинин “Мамлекеттик тил” деген бийик статус берилген атайын мыйзам кабыл алынган. Ошондон бери мамлекеттик мекемелерде тил саясатын өркүндөтүү боюнча ар кандай багыттагы иш-чаралар өтөрүлүп келет. Мамлекеттик тилди өркүндөтүү жана иш кагаздарды мамлекеттик тилде сапаттуу жүргүзүү багытында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө Мыйзамын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-октябрындагы №120 токтомун аткаруу максатында жана “ИИОдо иш кагаздарды мамлекеттик тилде сапаттуу жүргүзүү максатында”, бүгүн Кыргыз Республикасынын ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунда семинар өткөрүлдү. Семинар ИИОдо мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселелери» деп аталды. ИИМдин УКЭАКБнын мамлекеттик тил боюнча бөлүм башчысы милициянын полковниги Орозакунов Айбек кыргыз тили республиканын мамлекеттүүлүгүнүн жана эгемендүүлүгүнүн негизи экенин баса белгилеп, мамлекеттик тилди билүү жана өркүндөтүп өнүктүрүү – бул ар бирибиздин жана жалпы элибиздин милдети экенин билдирди. Мындан тышкары, ал мамлекеттик тилди өркүндөтүү боюнча министрликте жүрүп жаткан иштерге токтолду. Семинардын жүрүшүндө мамлекеттик тилди өркүндөтүү боюнча өтө курч маселелер талкууланды.

“Шумкар” атайын багыттагы полкунун басма сөз кызматы

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.