Шүкүрбек Эркебаев: Кыргызстанда тажиктерден да ички душмандар коркунучтуу экен

Бишкек, 06.05.2021 Sokol.media

Садыр Нургожоевич менен Камчыбек Кыдыршаевич бийликке келгенден бери бир күн тынч койбой асылып жатасыңар, өлкөбүз өнүксүн, чек аралар чечилсин десеңер сындабай, жок дегенде эки жыл колдоп тургула. Мындай пикирин «Мекенчил» саясий партиясынын борбордук штабынын жетекчиси Шүкүрбек Эркебаев билдирди.
Тажик заставаларын быт-чытын чыгарышты. Ошол күнү тажик тарап тынчтык келишим түзүүгө чакырышты. Октор атылып жатса да Камчыбек Кыдыршаевич баштаган топ нейтралдуу аймакка барып, ок атууну токтотуу боюнча тынчтык келишимине кол коюп келди. Бирок, Тажикстан тарап келишимди бузуп, ок атууну улантып жатты.
Биздин чек арачылар, аскерибиз тажиктер тереңдеп биздин аймака кирип кетпесин деп тосуп турушту. Эртеси күнү Тажикстандын УКМК төрагасы С.Ятимов жетектеген жоон топ делегациясы Баткенге келишти. 7-8 саатка созулган сүйлөшүүдөн кийин Баткен жергесине тынчтык толук орноду. Ошол эле мезгилде чек араны делимитация, деморкация боюнча да келишимдер болуп, чек аранын 112 км жери чечилди. Талаш деген көп жерлерди тажик тарап кыргыздын жери деп таанып, кол коюлду.
Андан сырткары Төрт-Күл суу сактагычынын тосмосун, дамбасын толук Кыргызстан сактап калды.
Ошентип, жеңиш ураандары кыйкырылды.
Андан ары Камчыбек Кыдыршаевич Кулунду, Жаштык, Арка 2, Максат айылдарына барып, үмүт менен күтүп турган элге жолукту, кырдаалдан кантип чыгуу боюнча түшүндүрдү.
Ошол эле учурда тажиктерди колдогонсуп Бишкекте ак үйгө кол салышты. Өлкөбүздө оор кырдаал болуп, бүтүндүгүбүзгө шек жаралып, балдарыбыз шейит кетип жаткан учурда, өз өлкөсүнө кол салгандарды чыккынчылык деп бааласак болот. Жакшы, элин, мекенин сүйгөндөрдүн күчү менен токтотулуптур. Эгер Ак үйдү басып алышканда Камчыбек Кыдыршаевичтин жана баатырларча эрдик кылгандардын эмгектери тепселип, Тажикстан кайрадан кол салмак. Ошону күтүп турушту.
Ушунун баарына согуш оту күйүп турганда жетишкен духу күчтүү Камчыбек Ташиевге, акылман президентибиз Садыр Жапаровго элибиз терең ыраазы болуш керек.
Урматтуу журтум, Баткенде жүргөн төрт күн ичинде бир нерсеге толук түшүндүм.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.