Осунбек Жамансариев: «Тажик тарапты сотко берүү аракети жүрүп жатканда Мадумаровдун кыргыз бийлигин күнөөлөгөнү өлкөбүзгө терс таасирин тийгизиши мүмкүн»

Бишкек, 06.05.2021 Sokol.media

Осунбек Жамансариев: «Тажик тарапты сотко берүү аракети жүрүп жатканда Мадумаровдун кыргыз бийлигин күнөөлөгөнү өлкөбүзгө терс таасирин тийгизиши мүмкүн»
-Осунбек мырза, Адахан Мадумаров кол койгон протоколду кыргызстан тарап юридикалык күчкө ээ эмес дешкени менен неге тажик тарап кадимки жарактуу документтердей кабыл алып жатышат?
Чек аранын чектерин, эки өлкө макулдашып чекит коёору баарыбызга белгилүү.
-СССР таркагандан бери, Кыргызстандын коңшу мамлекеттер менен чек ара чектери чечилбей келет. Келген бийлик чек ара маселесин чечкенге колдорунан келишинче аракет кылышканы менен “ката” кетирген учурлары болуп келгенин билебиз.
Маселен, 2009-жылы А. Мадумаров Кыргыз Республикасынын коопсуздук кеңешинин секретары болуп иштеп жаткан учурда, кыргыз тарапка тийешелүү чек ара жер аянтын, Тажик тараптан 1 АКШ долларга ижарага алды, деген проктоколго кол койгон экен. Бирок, ал документ, Кыргыз Республикасынын ЖКсы тарабынан жокко чыгарылыптыр. Ошого карабай, тажик тарап ошол кол коюлган протоколду бетке кармап, далил катары көрсөтүп келишүүдө.
-Эми, ошол протоколго кол койгон, А. Мадумаровдун чек ара окуясынын чыгышына , азыркы ички-тышкы саясатты жүргүзө албаган бийликте турган азаматтар, күнөөлү, деп билдиргенин, эмне деп айтсак болот ?
-Эң негизгиси, тажик тарап алдын ала даярданып, басып алуучулук менен, чек ара айылдарын талап-тоногонун көптөгөн далилдер менен, “Тажик өлкөсү баскынчы, марадер”, деп, эл аралык тынчтык келишимин бузганын, бүткүл дүйнөгө жарыялоо менен, эл аралык сотко берүү иштери жүрүп жаткан учурда, А. Мадумаров, тескерисинче, Кыргызстандын бийлигин күнөөлөгөнү, өлкөбүзгө терс таасири тийгизиши толук мүмкүн. Ошондуктан ички-тышкы саясий иштерди бири-бирибизди сындап. упай топтойм менен убара болбой өлкөбүздүн алдында турган татаал кырдаалды, бирдикте чечип алуубуз зарыл.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.