Мамат Айбалаев: Мадумаров талаш жерди тажиктерге карматкан протоколго кол койбогондо, коңшулар «Головнойго» жакындай алышмак эмес

Бишкек, 06.05.2021 Sokol.media

Мамат Айбалаев: Мадумаров талаш жерди тажиктерге карматкан. протоколго кол койбогондо, коңшулар «Головнойго» жакындай алышмак эмес
— Каркыраны берип койдук, ал аз келгенсип Жака-Өрүктү да кесип жок кылышыптыр. 2009-жылы Бакиевдин убагында протоколго кол коюлган, анда Мадумаровдун колу турат. Ага айтсаң эле чычалайт. Кол койбой койсо болот болчу да. Эмне себептен жерди тажиктерге кармата салышканынын себеби, ошол убакта кытайлар Баткенден Исфанага жол салышкан, Баткенден келип туруп, Көк-Ташка такалып, сайдын боюнча келгенде тажиктер чыгып «бул биздин жерибиз», — деп талашкан. Ошондо, Кытайга тезирээк жол салдырууну каалагандар барышып туруп, эч кимден сурабай эле, ал жерде
губернтор, Коопсуздук кеңешинин катчысы болгон, «Бул жер тажиктердики, биз 49 жылга ижарага алдык», — дешип протокол түзүп, жерди коңшуларга кармата беришкен. Ошону менен сайдын ичиндеги 800 кмге жакын, ортосунда дарыя агып турган жер өтүп кетти. Жака-Өрүктөн Мачаиге чейин болжол менен 2-2,5 миң гектар жерди тажиктер өзүмдүк кылып алышты. Сайдын ичиндеги ташты Тажикстандын Мачаи айылынын тургундары тазалап, отурукташышты. Ошентип, тажиктер «Головнойго» жакын барып калышты. Жыйынтыгында, канча деген жаш жигиттерибизди бир миномет менен жок кылышты. Канча жерди кармата берип отурабыз, чыр ошондон чыгып келе жатат

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.