Кыргызстандагы «Газпром» компаниялар тобу Баткен облусуна 5 млн сомдон ашык каражатка жардам берди

Бишкек, 06.05.2021 Sokol.media

Кыргызстандагы «Газпром» компаниялар тобу Баткен облусуна 5 млн сомдон ашык каражатка жардам берди. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди. 

Кыргызстандагы «Газпром» компаниялар тобу Баткен облусунда болуп өткөн кайгылуу окуяны терең кайгыруу менен кабыл алды. Күнөөсүз жарандарыбыздын өлүмү ар бир кызматкердин жүрөгүндө калды. Биздин мамлекетибиз үчүн бул чоң сыноо жана элибиз ынтымактуулугу, кайраттуулугу жана чыдамдуулугу менен баардык кыйынчылыктарды жеңет деп ишенебиз.
Ушундай оор учурда биз да четте турбастан Баткен облусуна жана жабыр тарткан мекендештерибизге жардам көрсөтүүнү чечтик, — деп маалымдашты компаниялар тобунун өкүлдөрү.
Көрсөтүлгөн жардамдын көлөмү 5 млн сомдон жогору. Алар:
 акча каражаттары – 2,5 млн сом;
 1,5 млн сомдук медикаменттер;
 1 млн сомдук 12 000 литр күйүүчү-майлоочу май – 3000 литрден
КРнын ӨКМне, ИИМне, МЧКна, Коргоо министрлигине бөлүндү;
 100 комплект турмуш-тиричилик техникалары.
Кыргызстандагы «Газпром» компаниялар тобу Баткен облусундагы куралдуу
кагылышуудан көз жумгандардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл
айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт жана баардык жабыркагандардын тез
сакайын кетишин каалайт.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.