Кара-Көл милициясы алдамчылыкка шектелген жаранды кармады

Бишкек, 06.05.2021 Sokol.media

Кара-Көл милициясы алдамчылыкка шектелген жаранды кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди. 
2020-жылдын ноябрь айында Кара-Көл шаарынын тургуну М.К. Кара-Көл ШИИБне арыз менен кайрылып, ал өз арызында 2020-жылдын 19-октябрында мага Алтын деген жаран келип, менин МЕРСЕДЕС-БЕНЦ 814 үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаамды 550 000 (беш жүз элүү миң) сомго келишип сатып алып,
сатып алган учурда 100 000 (бир жүз миң) сом накталай акча берип калган 450
000 (төрт жүз элүү миң) сомун бир айдын ичинде, тактап айтканда 20.11.2020-
жылы толугу менен төлөп кутуламын деп, тил кат жазып убада берген бойдон
ушул күнгө чейин дайынсыз болуп качып жүргөндүгүн көрсөтүп, мыйзам
чегинде чара көрүп берүүнү суранган.
Аталган факты Кара-Көл ШИИБдин КЖБРне катталып, КРнын Жазык
кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) менен сотко чейинки өндүрүш иши
ачылып, тергөө амалдары жүргүзүлө баштаган.
Тергөө учурунда шектүү Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну
1980-ж.т. А.Р. экендиги аныкталган. Бирок, ал жүргөн жерин жашырып тергөөгө
келбей качып жүргөндүктөн, Кара-Көл ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан
шектүүгө карата издөө жарыяланган.
Кара-Көл ШИИБдин Криминалдык милиция кызматынын опер өкүлдөрү
тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, А.Р. 26-
апрель күнү Бишкек шаарынын аймагынан качып жүргөн жеринен кармалып,
2021-жылдын 27-апрель күнү Кара-Көл ШИИБдин УКЖна киргизилген.
Учурда шектүүнүн мындан башка да кылмыштарга тиешеси бар же
жоктугу боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Эгерде бул сүрөттөгү жаранды таанып, андан жабыркагандар болсо Кара-
Көл ШИИБне кайрылсаңыздар болот. (03746 102, 0778 01 20 01, 0559 70 06 09)

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.