Камчыбек Ташиев Тажикстандан кечирим сураган видео фейк экени айтылды

Бишкек, 06.05.2021 Sokol.media

Социалдык тармакта Кыргыз-Тажик чек арасында чыккан чыр боюнча эки өлкөнүн өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүү учурунда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандан кечирим сураган видео тарады.

Видеодо Баткен облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, ал эми экинчи тарапта Тажикстандын УКМКсынын төрагасы Саймумин Ятимов жана башкалар катышканын көрүүгө болот.

Ошондой эле видеодо Камчыбек Ташиевдин «Биз тажик эли менен ынтымакта жашайбыз. Бизди кечиргиле» дегенин угууга болот.

Аталган видео боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин маалымат кызматына байланышканыбызда, видео монтаждалганын билдиришти.

«Социалдык тармакта тарап жаткан УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев делмитация жана демаркация боюнча сүйлөшүү учурунда Тажикстандан кечирим сураган видео монтаждалган, тагыраагы фейк«, — деп билдиришти аталган мекемеден.

Белгилей кетсек, Тажикстандын агрессивдүү кол салуусунан Кыргыз өлкөсүнүн расмий маалыматтары боюнча, 36 жаран каза болуп, 189 адам жаракат алды. Мындан тышкары үйлөр, мектептер жана башка имараттар өрттөлүп, ири суммадагы материалдык чыгымга алып келди.

Булак супер кж

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.