Фейсбуктун байкоочу кеңеши Трамптын баракчаларын убактылуу жабуу тууралуу чечимди колдоду

Бишкек, 06.05.2021 Sokol.media

Фейсбук компаниясынын көз карандысыз байкоочу кеңеши АКШнын мурунку президенти Дональд Трамптын баракчаларын убактылуу жабуу тууралуу чечимди күчүндө калтырды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта белгиленгендей, байкоочу кеңеш экс-президенттин Фейсбук жана Инстаграм баракчаларына материал жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн чектеди. Ошондой эле кеңеш компаниянын алты ай ичинде Трамптын аккаунтун биротоло блоктоо же аны белгилүү бир убакытка чейин токтотуп туруу жөнүндө чечим кабыл алышын талап кылууда.

Фейсбук мурунку президенттин баракчаларын быйыл 6-январда Капитолийдеги чабуулдан кийин убактылуу жаап салган. Аны менен бирге Твиттер социалдык түйүнү Трамптын баракчасын толук жапкан.

Буга чейин Трамп расмий сайтын ачканын жана ал жерге өзүнүн билдирүүлөрүн чыгарып турарын жарыялаган. АКШнын экс-президенти Фейсбуктун чечимин Америка үчүн «уят иш» деп сыпаттаган.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.