Быйыл «Өлбөс полк» жүрүшү өзгөчө форматта өткөрүлүүдө

Бишкек, 06.05.2021 Sokol.media

Быйыл «Өлбөс полк» жүрүшү өзгөчө форматта өткөрүлүүдө, тагыраагы, ардагерлердин сүрөттөрү LED-экрандарга жайгаштырылды. Бул тууралуу Sputnik агенттигине иш-чаранын координатору Зульфира Хайбуллина билдирди.

Уюштуруучунун айтымында, сүрөттөр Чыңгыз Айматов проспектиндеги (өкмөттүк трасса) көпүрөнүн үстүндөгү экранга жайгаштырылды. Аны рекламалык агенттиктердин бири Улуу Жеңиш майрамына карата шаар тургундарына белек катары берди.

Сүрөттөр www.moypolk.ru сайтындагы аймактык уюштуруучулардын баракчасынан алынды.

Ардагерлердин сүрөттөрү улам кошулуп отуруп, трансляция майрам аяктаганга чейин жүргүзүлөт.

Эске салсак, быйыл Бишкекте «Өлбөс полк» жүрүшүнө уруксат берилген эмес. Буга эпидемиологиялык абалдын катаалдыгы себеп экенин борбор калаанын башкы санитардык дарыгери Кубан Кундашев билдирген.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.