Баткенге жардам берүүнүн эң жөнөкөй жолу айтылды

Бишкек, 06.05.2021 Sokol.media
Баткенге жардым берүүнүн эң жөнөкөй жолу айтылды. Мындай оңой жардам берүү жолун Илязбек Балташев фейсбук баракчасына жазды:
«Баткенге кантип жардам бере алабыз?
Көп сүйлөйбүз, ишке өтөлү! Эң жөнөкөй!
1.Баткендик ишкерлерди, фермерлерди колдоп:
2. Базар, маркет, дүкөндөрдөгү соода текчелеринен Баткенде өндүрүлгөн күрүчтү гана сатып алалы (башка өлкөнүкүн эмес!!!)
3. Баткендин кургатылган мөмө-жемиштерин сатып алалы (балдарга чипсы, кириешка эмес!!!)
4. Баткендиктер жасаган куруттардын түрүн , маринаддалган өрүк -куруттарын алалы
5. Баткендик ууз-айымдар тиккен шырдак, таар, килемдерди сатып алалы апалар тигип үлгүрбөй калышсын! (Ансыз да аш, той, белекке кытай,турция, иран килемдерин алабыз, патриот бололу)
6. Кол өнөрчүлөрү, зергерлери жасаган буюмдарды алалы.
7. Баткенге эс алганы, саякаттап жер көрүп барып туралы ( ансыз да көрө электер көп)
8. Тигүү тармагындагылар баткендиктерге арзан баада соода сатык кылгыла бонус бергиле
9. ТВ, радио, сайттар- акысыз Баткен брендин,туристтик жайларын жарнамалап берели
10. Инвесторлор ишкерлерди колдогула!
Мамлекетти карабай ар бирибиз жардам кылалы!
Баткен өнүгүп, эли бай жашаса эч жака көчпөйт, ансыз да баатыр эл», -деп жазган ал. 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.