Баткенде 15 жаштагы кыз изделүүдө

Бишкек, 06.05.2021 Sokol.media

Баткендин Кадамжай районунун Ынтымак айылынын 15 жаштагы тургуну Мадина Мыктыбек кызы изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, кыз 4-май күнү саат 12:30 чамаларында үйдөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын биридиктүү реестрине «жоголуу» беренеси менен катталып, издөө иштери жүрүп жатат.

Мадина үйдөн чыкканда ак түстөгү водолазка, кара шым, кара бут кийим кийип жүргөн. Бою 150-160 сантиметр. Милиция сүрөттөгү кызды көргөн-билгендерден маалымат беришин суранат: 03655 (5-02-29) 0704 27 64 16

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.