Айдарбеков: Анда Мургаб кимдики?

Бишкек, 06.05.2021 Sokol.media

Учурдагы КР Акыйкатчы белгилегендей, тажик тарап «он сегиз жылдан бери ушул шарттарды – чек ара маселелери боюнча бардык сүйлөшүүлөрдө 1924-1927 жылдардын карталарын карап чыгууну» дайыма айтып келет.

Интернеттеги ачык булактардан алынган карталарды карап көрсөк, көптөгөн кызыктуу фактыларды таба алабыз.

Мисалы, 1924-1927-жылдардагы карталарга таянсак, Кыргыз Республикасында Мургаб аймагын өзүнүн тарыхый мекени менен бириктирүү маселесин көтөрүп чыгуу мүмкүнчүлүгү бар.

Ошону менен бирге, эгерде картаны карасак, Ворух Кыргыз Республикасы менен коридор катары байланышкан.

Тажик тарап Ворухту кайрадан бириктиргиси келсе, анда Мургабды Кыргыз Республикасына кайтарып берүүсүн унутпасын.

Совет доорундагы тажик тарабы менен болгон баардык карталар Кыргыз Республикасы үчүн жараксыз, юридикалык күчүнө ээ эмес.

Таджик тарап карталарды өз кызыкчылыгына эле таянып ары-бери чойгулай берсе болобу?

Чингиз Айдарбеков, КРнын мурдагы ТИМ министри

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.