Жапаров: Эңшерилген экономиканы, түбү түшкөн казынаны 20 миллиард дефицити менен алдым

Бишкек, 05.04.2021 Sokol.media

«Эңшерилген экономиканы, түбү түшкөн казынаны 20 миллиард дефицити менен алдым». Мындай өюн Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда, өлкө элине кайрылуу жасап жатып айтты:

Төмөндө Мамлекет башчысынын кайрылуусу:

«Урматтуу кыргызстандыктар!

Кадырлуу калайык калкым!

Киндик каны тамган Ала-Тоосунан алыста, чет жерде, чет өлкөлөрдө жашап жаткан бир боор агайын-тууган, эже-карындаштарым!

Мен бүгүн тагдырдын буйругу, эл-журтумдун эрки менен алдыңарда туруп, Башмыйзамга —  Конституцияга кол койдум!

Силердин ар бириңерге, жаш-кары дебей ар бир уул-кызыбызга кайрылып жатамын!

Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүнө жана коопсуздугуна коркунуч туудурган окуяларга күбө болдук.

Тынчтыкты жана стабилдүүлүктү сактап калуу үчүн тийиштүү чаралар көрүлдү.

Ушул окуялардын жүрүшүндө курман болгондордун жакындарына көңүл айтамын.

Жана ушуга байланыштуу бир мүнөттүк аза күтүүнү сунуштаймын.

Бул окуялардын жүрүшүндө жабыр тарткан жарандарыбыз мамлекет тарабынан ар тараптуу колдоого алынат, жабыркаган айыл-кыштактарды тез аранын ичинде калыбына келтиребиз.

Атпай журт айттырбай туюп, көрүп-билгенди мен да байкап, көрүп-билип турам.

Ошол эле учурда, азыркыдай экономикалык абдан оор кырдаал, кризистик жагдай мага чейинки бир дагы президенттин шыбагасына жазылган эмес.

Эңшерилген экономиканы, түбү түшкөн казынаны 20 миллиард дефицити менен алдым.

Анысы аз келгенсип пандемиянын кесепетинен бардык өлкөлөр менен карым-катнаш, соода-сатык бүгүнкү күнгө чейин токтоп турат.

Мен өткөндү жамандап, акаарат айтып, күнөөлүүлөрдү издегим келбейт.

Даанышман элибиз кимдин ким экенин ансыз деле жакшы билет.

Биз эгемендүүлүккө жетишкен жылдары оңго-солго урунуп, изденүүнүн жолунда болдук.

Бирок тарых тарабынан бизге изденүү үчүн чегерилген убакыт аяктады.

Кудай буюрса, бул кыйынчылыктан да жолун таап чыгып кетебиз.

Болгону күнү-түнү дебей талыкпай эмгектенели.

Бүгүнкү кайрылуу менен калк алдына чыгардан оболу, эл-журт, ошонун ичинде экономика тармактарындагы адистер, ардагерлер менен ондогон жолугушууларды өткөрдүм.

Карапайым элдин, жумурай журттун ой-санаасын, өлкөбүздөгү окуяларга карата көз карашын билгим келди.

Андыктан, азыркы кайрылуумду коллективдүү ой-толгоонун корутундусу, эл-журттун үмүт-тилегинин жалпылаштырылган жобосу деп атасак да жарашат.

Президент катары менин убактым өтө аз экенин жакшы түшүнүп турамын.

Эгемендүүлүккө ээ болгондон берки изденүүлөрдөн соң биздин акыбалыбызды минтип сыпаттасак болот:

— элибиздин салт-санаасынын, маданий жана рухий дөөлөттөрүнүн деградацияга кириптер болушу;

— коомубуздун чар-жайыттыгы;

— мамлекетти башкаруу системасы сенектикке учурашы;

— экономика чабал;

— өлкөбүздүн сырткы күчтөрдөн, асыресе ресурстардан жана таасир этүүчү борборлордон көз карандылыгы.

 

Урматтуу кыргызстандыктар, кыргыз элим!

Былтыркы жылы мамлекетибиз үчүн абдан оор жыл болду.

Ички дүң продукциянын өсүш темпи дээрлик 9 пайызга төмөндөдү!

Бул акыркы 20 жылдагы эң төмөнкү көрсөткүч.

Бюджеттин дефицити мурдагы жылдарга караганда 3 эсеге өсүп, ички дүң продукцияга карата 3 пайызды түздү!

Ал эми, жыл соңуна карата тышкы карызыбыз ички дүң продукцияга карата 58 пайызды түзүп, эң эле опурталдуу чекке жетти!

Улуттук кызыкчылыктарды коргобостон, инвестицияны кор тутуунун натыйжасында стратегиялык тармактарыбыз — энергетика жана тоо-кен тармактары жабыркады.

Айыл-чарбасы майда товар өндүрүүнүн деңгээлинен көтөрүлө албай, өнүмдүүлүгү төмөн.

Экономикалык кыйын кырдаал элибиздин социалдык абалын күн санап оорлотууда.

Биз билекти түрүнүп, белди бекем бууп, алдыга карай иш-аракеттирибизди күчөтүшүбүз керек.

Жакын арада шайлоо тууралуу конституциялык мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңеш кароосуна жөнөтүлөт.

Бул жолку шайлоонун таза өтүшүн камсыздоо милдети турат.

Анткени, административдик кийлигишүүгө тыюу салганыбыз менен, добуштарды сатып алуу сындуу көрүнүштөр кечээги жергиликтүү шайлоолор маалында байкалды.

Мындай көрүнүштөрдү түп-тамырынан бери жок кылабыз.

Буга күчүбүз да, эркибиз да жетет.

Боршайком жергиликтүү шайлоолор боюнча адилеттүү чечим чыгарат деп ишенем.

Биз добуш сатып алуу жолу менен шайланып келүү мүмкүн эмес экенин эскертип, мындан ары элге да, саясатчыларга да сабак болушун далилдешибиз керек.

Экономикалык өсүштү камсыздоо үчүн бир нече милдетти ишке ашыруу зарыл.

Биринчи милдет — мамлекетке инвестициялардын агымын жогорулатуу жана экспорттун көлөмүн көбөйтүү.

Ал эми Өкмөт менен Улуттук банктын алдындагы эң чоң милдеттердин бири — экономиканы капитал менен камсыздоо.

Экинчи милдет — өлкөбүздүн изоляцияда калуусуна жол бербөө.

Мунун эки шарты бар: биринчиси, соодадагы негизги өнөктөш мамлекеттер арасында товарлардын эркин жүгүрүшүн камсыздоо. Экинчи шарты, вакцинация маселеси.

Калкты эмдөөдөн өткөрбөсөк, пандемия шарттарында жарандардын ары-бери каттоосуна бөгөт болгон маселеге айланат.

Өкмөттүн алдындагы үчүнчү милдет — азык-түлүк товарларынын кымбаттап жатышына жол бербөө.

Калкты социалдык жактан маанилүү товарлар менен камсыздоо маселесин өкмөт көз жаздымда калтырбай, бааларды тез арада жөнгө салсын.

Антикризистик саясаттын кийинки өңүтү — чечимдер тез кабыл алынып, ыкчам аткарылышы керек.

Министрлер кабинетинен чукул кырдаалдын режиминде, күнү-түнү иштөөсүн талап кылам!

Антикризистик режимдин шартында иштөөнү жергиликтүү бийликтерден да талап кыламын.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.