Мамиле түзө алган эмес. Вице-мэр Айжан Чыныбаева кызматтан кетти

Бишкек, 05.05.2021 Sokol.media

Айжан Чыныбаева Бишкек шаарынын вице-мэри кызматынан кетти. Бул тууралуу ал кечээ, 4-майда социалдык тармагындагы баракчасында билдирди.

Ал шаардык муниципалитеттин кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, бул кызматта мындан ары иштей албасын айткан. Чыныбаева өзүнүн кызматынан кетишине Бишкек шаардык мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергеновдун жүргүзгөн саясатына макул эместиги жана аны менен мамиле түзө албаганы себеп болгонун белгиледи.

Эске сала кетсек, Чыныбаева аталган кызматка 2020-жылдын 29-октябрында дайындалган.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.