Путин менен Рахмон кыргыз-тажик чек арасындагы абалды талкуулайт

Бишкек, 05.04.2021 Sokol.media

Россия президенти Владимир Путин менен Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон 8-май күнү Москвада жолугуп, кыргыз-тажик чек арасындагы абалды талкуулайт. Бул тууралуу РИА Новостиге РФ лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков кабарлаган.

Ошондой эле, Тажикстандын президенти Москвада өтө турчу Жеңиш парадына да катыша турганы айтылды.

Эске салсак,  Баткендеги кандуу кагылышуу 28-апрель күнү кечинде башталган. Тажик тарап баштаган ок атуудан 36 кыргызстандык жаран көз жумду. Алардын үчөө аскерлер, экөө — 13 жаштагы өспүрүм кыз менен төрт жаштагы эркек бала, ал эми калган 31 адам жергиликтүү калк жана башка аймактардан элге жардам беребиз деп келген кыргызстандыктар болду. 150гө жакын киши октон, таштан жаракат алып ооруканага түштү.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.