Энелери таштап кеткен. Москвадан Кыргызстанга 5 айдан 2 жашка чейинки 6 бала алынып келинди

Бишкек, 05.04.2021 Sokol.media

Орусиянын борбору Москва шаарындагы медициналык мекемелерден энелери таштап кеткен 5 айдан 2 жашка чейинки 6 бала Кыргызстанга алынып келинди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Маалыматка таянсак, балдарды өлкөгө алып келүү Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин консулдук бөлүмүнүн жардамы менен уюштурулган. Аларды алгач балдар үйлөрүнө жайгаштырып, андан соң жакын туугандарын издөө иштери башталат.

Белгилей кетсек, быйыл Ирактан 79 бала өз мекенине кайтарылган.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.