Бишкектеги «Баткенге көмөк» штабы өз ишин токтотот

Бишкек, 05.04.2021 Sokol.media

Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайында өкмөт астында уюштурулган «Баткенге көмөк» штабы өз ишин токтотот. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

«Мурда келип түшкөн бардык гуманитардык жардам Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин унаа транспорту менен Баткен облусуна жеткирилет. «Баткенге көмөк» штабы Баткен облусунун жабыркаган тургундарына көмөк көрсөтүү чакырыгына жооп кайтарган жалпы физикалык жана юридикалык жактарга ыраазычылыгын билдирет», — деп жазылган маалыматта.

Ошондой эле гуманитардык жардам чогултуу улантылары жана ал жер-жерлерге берилери айтылды. Бишкек шаарында гуманитардык жардам чогултуу, аны эсепке алуу жана жөнөтүүнү Бишкек шаардык мэриясы координациялайт.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.