«Баткенге жардам» деп алдап акча чогулткандар көбөйдү

Бишкек, 05.05.2021 Sokol.media

Баткен облусунун «Лейлек жаштары» кыймылынын өкүлү Шайбек Юлдашев калктын кайгысын курал кылып, жеке кызыкчылыктарын көздөгөн шылуундардын да чыгып жатканын айтып кейиди. Ошондой эле базарда же көчөлөрдө «Баткенге жардам» деген шылтоо менен жеке чөнтөгүнө «иштеп» жаткандарга алдамчылык, айрыкча ыйык Рамазан айында ушундай иш менен алектенүү болуп көрбөгөндөй чоң күнөө экенин эскертти.

«Азыр көчөлөрдө же базарларда плакаттарды же коробкаларды көтөрүп алып «Баткенге жардам» деп акча чогултуп жатышат. Мындай алдамчылыкка жол бербөө керек. Ушундай кейиштүү нерсени колдонуп, өз кызыкчылыгына пайдаланып жүргөндөр көбөйүп жатат. Сиздер да алданбаңыздар. Биздин бир эле кеңсебиз бар, дарегибиз: Бишкек шаары, Фучик көчөсү, 7/7. Ошол жакка бардык каалоочулар келип, жардамыңарды көрсөтсөңүздөр болот», – деди Юлдашев.

Булак: NazarNews.kg

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.