Баткенден эвакуациялангандардын так саны белгилүү болду

Бишкек, 05.05.2021 Sokol.media

Баткен облусундагы кыргыз-тажик жаңжалында эвакуацияланган жашоочулардын саны 40 649га жеткен. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов билдирди. 

Маалыматка ылайык, Баткен районунун Миң-Булак, Үч-Дөбө,          Таш-Тумшук, Көк-Таш, Ак-Сай, Көк-Терек, Орто-Боз, Самаркандек айылдарынан 14 365 жаран эвакуацияланган. Ал эми Лейлек районунун Борбордук, Интернационал, Арка, Саада, Максат жана Достук айылдарынан 26 288 киши чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

Буга чейин өмүрүнө коркунуч жаралганына байланыштуу 33 миндей баткендик жашаган жерин убактылуу таштап кеткени айтылып келген.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.