Байден Путин менен июнда Европада жолугушууну пландоодо

Бишкек,05.05.2021 Sokol.media

АКШнын президенти Жо Байден америка-орус саммитин июнда, Европага сапары маалында өткөрүүгө даяр экенин билдирди.

«Мен буга үмүттөнүп, ишенип турам. Биз бул маселенин үстүндө иштеп жатабыз», — деди Байден журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Жо Байден президент катары өзүнүн алгачкы чет өлкөлүк сапарын Улуу Британиядан баштайт. Анда ал 11-13-июнь күндөрү өтө турган «Чоң жети» уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын жолугушуусуна катышат. 14-июнда Брюсселде НАТОго мүчө өлкөлөрдүн саммитине барып, андан соң Европа биримдигине мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен жолугат деп күтүлүүдө.

Америка-орус саммитин өткөрүүнү Байдан апрелде сунуштаган. Ал Орусиянын президенти Владимир Путин менен үчүнчү өлкөдө жолугуп, эки өлкөнүн мамилесиндеги чыңалууну жаратып жаткан маселелерди талкуулоого даяр экенин билдирген.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.