Абдикарим Алимбаев Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды

Бишкек, 05.05.2021 Sokol.media

Абдикарим Алимбаев өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Белгиленгендей, бүгүн, 5-майда ал коллективге жана акимдерге тааныштырылды.
Мурда бул кызматты Өмүрбек Суваналиев ээлеп келген. Ал кечээ кызматтан кеткен.
Буга чейин Алимбаев Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары кызматын ээлеп келген.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.