Профессор Акматалиев: Жабыркагандар » тажиктер качан жардам берет, келип үйүмдү салып берет» деп күтүп отура албайт!

Бишкек, 04.04.2021 Sokol.media

Алмазбек Акматалиев, профессор: К.Ташиевдин «тажиктерден жардам сурабайбыз, өзүбүз жабыр тарткандарга жардам беребиз» деген сөзү тууралуу…
Биринчиден☝️, өз элине мындайда Кыргыз Өкмөтү көмөк көрсөтпөгөндө, качан көрсөтөт!🤷‍♂️ Бул ал Өкмөттүн МИЛДЕТИ! Жабыркагандар » тажиктер качан жардам берет, келип үйүмдү салып берет» деп күтүп отура албайт! Жашоо уланыш керек! Эртең эле балдар мектепке барыш керек, кыш келет дегендей…
Экинчиден☝️: Баш Прокуратура тажик аскерлерине каршы ондогон кылмыш иштерин ачты, аларды аскер баскынчы ( агрессор) деп таап, тергөөнү жүргүзө баштады. Бир топ жарандык активисттер Тажик бийлигин Эл аралык соттко берүү процессин баштады. Жүздөгөн кыргыз жарандары фото, видео, аудио далилдерди чогултуп, документтештирип, чет тилдерине которуп, эл аралык уюмдарды , коомчулукту, демократиялык мамлекеттердин лидерлерин маалымдай башташты. Чет өлкөдөгү кыргыздар бир топ митинг акцияларын жазашты… Мунун баары Тажикистан акыры бул жоопкерчиликтен качып кутула албайт дегенди ишенимдүү билдирет! » Уурунун көчүгү кууш» ☝️дегендей, Тажик бийлигинин айтаар актанаар сөзү ЖОК! Муну алар деле түшүнүп турат…
Үчүнчүдөн☝️: улуттук намыс ☝️деген нерсени да унутпайлы… Үйүңдү бүлдүрүп, чакчелекейин чыгарып кеткен наадандан үйдү оңдо деп суранбай, сот аркылуу, эл аралык колдоо аркылуу төлөтүп, ашмалтайын чыгарган жолго түшкөнүбүз туура болот! Бул да биздин улуулугубуз, маданияттулугубуз, сабырдуулугубуз деп ойлойм…
Тажиктер эл аралык аренада бул наадандыгы менен эң чоң запкы тартышты! Алардын бийлигине эми эч ким ишенбей калды!☝️ Булар жапайы, жырткычтык,варвардык ыкмаларды колдонот экен, тынч жашоочулардын үйүнө кирип барып атып өлтүргөндөн кайтпайт экен, эл аралык эрежелерди уруп ойнобойт экен деген туруктуу эл аралык пикир топтолду. Ушул маанилүү!

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.