Президент Жапаров 5-майда референдумда кабыл алынган жаңы конституцияга кол коет

Бишкек, 04.04.2021 Sokol.media

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан элине кайрылуу жасайт.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров эртең, 5-майда, үстүбүздөгү жылдын 11-апрелиндеги референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) кабыл алынган Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясына кол коюп, Кыргызстан элине кайрылуу жасайт.

Иш-чарага мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын өкүлдөрү — Жогорку Кеңеш депутаттары, судьялар корпусунун өкүлдөрү, өлкөнүн Өкмөтү, коомдук ишмерлер катышат.

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, чакырылгандар коронавирус инфекциясына карата ПЧР-анализ тапшырышты, иш-чара бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен уюштурулууда.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын, өлкөнүн республикалык жана аймактык телеканалдарынын түз эфиринде көрсөтүлөт.

Башталышы саат 10: 00дө.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.