КУУда профессор Бегалы Тагаевдин 80 жылдык мааракесине арналган кереге кеңеш өткөрүлдү

Бишкек, 04.05.2021 Sokol.media
Ж.Баласагын атындагы КУУнун журналистика факультетинде профессор, философия илимдеринин доктору Б.Т.Тагаевдин 80 жылдык мааракесине жана радио күнүнө арналган “Радио жана турмуш” аталышындагы эл аралык кереге кеңеш болду. Кереге кеңеш телерадиожурналистика кафедрасы тарабынан уюштурулуп, Улуттук университеттин башкы окуу имаратынын атайын залында өткөрүлдү.

Ага Кыргызстандын журналисттик жана илимий чөйрөсүнүн ири өкүлдөрү Ж.Баласагын атындагы КУУнун Мамлекеттик тил боюнча проректору С.А.Тиллебаев, КТРКнын директорунун орун басары А.Ы.Мусаев, КРнын илим жана техника жагындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, т.и.д., профессор С.Т.Кайыпов, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетинин деканынын орун басары А.А.Сатаров, Эл аралык ТЮРКСОЙ сыйлыгынын ээси, КТРКнын “Алтын казына” фондунун жетекчиси Ж.Маматова, Кыргыз радиосунун продюсеринин орун басары Р.Тилемишева катышышты. Ал эми коңшу Казакстандын атынан Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин журналистика жана саясат таануу факультетинин телерадио жана коомчулук менен байланыш кафедрасынын башчысы, ф.и.к., доцент Серикзат Дүйсенгазы, ага окутуучу Гулнур Дускеева, улук окутуучу Әбдікадыр Сабыр иш чарага онлайн форматта катыша алышты.


Ошондой эле Ош МУдан ф.и.д. Г.Жамгырчиева, ТалМУдан доцент Т.Айталиева жана КУУнун журналистика факультенин профессордук-окутуучулар түзүмүнүн мүчөлөрү куттуктоо сөзүн айтышты.
Кереге кеңеште радионун учурдагы актуалдуу маселелери талкууга алынып, мааракенин ээси Б.Т.Тагаевдин кыргыз радиосунун өнүгүшүнө кошкон салымы, анын илимий эмгектеринин баалуулугу тууралуу пикирлер айтылды.
Кереге кеңештин алкагында студенттер үчүн мастер-класстар уюштурулган:
1.Кыргыз радиосунун редактору Чыңгыз Рыскелдиевдин мастер-классы;
2.«Миӊ кыял ФМ» радиосунда диджей Арстанбек Абдымановдун мастер-классы;
3.«Марал ФМ» радиосунун директору Акынбек Эргешовдун мастер-классы;
4.«Кыргызстан обондору» радиосунда музыкалык редактору Нурсултан Муратбековдун мастер-классы

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.