Коронавируска каршы эмдөө алгандарга сыра таратылат

Бишкек, 04.05.2021 Sokol.media

Нью-Джерси штатынын губернатору Фил Мерфи тургундарга коронавируска каршы эмдөө алганы үчүн акысыз сыра убада кылды. Май айында эмделген ар бир бойго жеткен адамга бир стакан сыра таратылат, деп билдирди ал Твиттерде.

«Биз вакцина жана сыра акциясын 21 жаштан жогору Нью-Джерси штатынын укуктуу жарандарын эмдөөгө үндөө үчүн баштадык» деди Мерфи.Эмдөө сертификатын акцияга катышып жаткан сыра заводдорунун бирине көрсөтүү керек болот.

Буга чейин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) башкы директору Тедрос Аданом Гебресиес планетанын бойго жеткен калкына коронавируска каршы эмдөөнүн баасын эсептеген. Ал уюмга эмдиги жылы дүйнө жүзү боюнча бойго жеткен калктын көпчүлүгүн эмдөө үчүн 35 — 45 миллиард доллар талап кылынат, деди ал.

Азырынча Европанын Дары-дармектер агенттиги (EMA) COVID-19га каршы эмдөө жүргүзүү үчүн төрт дарыны колдонууга макул берди. Алар: америкалык-германиялык Pfizer жана BioNTech консорциуму, америкалык Moderna компаниясы, британдык-шведдик AstraZeneca жана америкалык Johnson & Johnson компаниясы.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.