Кичинекей балдар чогулткан каражаттарын Баткенге жардам катары жиберишүүдө

Бишкек, 04.04.2021 Sokol.media

Кичинекей балдар чогулткан каражаттарын Баткенге жардам катары жиберишүүдө. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. 
Баткенде, чек арадагы окуядан жабыр тарткандар үчүн, өлкөнүн башка аймактарынан кичинекей жаш балдар чогулткан акчасын жиберишүүдө. Балдардын жардамын КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, гуманитардык жардамдарды кабыл алуу боюнча комиссиясы кабыл алды.
Аты жөнү белгисиз болгон эки баланын топтогон 3215сом каражаты, өкүлчүлүктүн атайын эсебине которулду.
Баткен эли жана Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, балдрага терең ыраазычылык билдирүү менен аларга бактылуу балалык жана кең келечек каалайт.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.