Чейрек кылымга созулган нике… Билл Гейтс жубайы менен ажырашты

Бишкек, 04.05.2021, Sokol.media

Атактуу «Microsoft» компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс жана жубайы Мелинда 27 жылдан кийин ажырашып жаткандыктарын айтып чыгышты. Аталган маалыматты чет элдик басма сөз каражаттары жазууда.

Бул боюнча Гейтс Твиттердеги баракчасында төмөнкүдөй билдирүү калтырган.

«Узак убакытка созулган ойлонуудан кийин биз никебизди жокко чыгаруу чечимин кабыл алдык. Чоогу жашаган 27 жыл ичинде сонун үч баланы өстүрүп, дүйнө жүзүндөгү кембагал адамдарды тамак-аш менен камсыз кылган кайрымдуулук фондун ачтык. Биз мындан ары дагы уюмдагы кесиптештик мамилебизди улантып, өз милдеттерибизди аткара беребиз. Бирок жубай катары мамилебиздин уланышына көзүбүз жетпейт».

Билл Гейтс болочоктогу жубайы менен «Microsoft» компаниясына кызматка келген 1980-жылдардын аягында таанышкан. 1994-жылдын 1-январында баш кошушкан жубайлар Женнифер Катарин, Рори Жон жана Фиби Адель аттуу 3 баланы тарбиялап келишкен.

2000-жылы алар биргеликте кайрымдуулук фондун негиздешип, ага байлыгынын бир бөлүгүн которушкан.

Бүгүнкү күндө «Forbes» журналынын маалыматы боюнча, Билл Гейтс дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмесинде 4-орунда турат.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.