Бишкекте өспүрүмдү уурдап кетишти. Кылмышка шектүүлөр кармалганда, ал пранк болуп чыкты

Бишкек, 04.05.2021 Sokol.media

2021-жылдын 3-майында саат 16:40 чамасында 102 линиясына Бишкек шаарынын Көлбаев көчөсүндө жашы жете элек баланы уурдап кетишти деген чалуу келип түшкөн.

Маалым болгондой, белгисиз адамдар 2004-жылы туулган У..Ж.ны жашы жете элек баланы ак түстөгү унаа менен уурдашып, андан кийин алар качып кетишкен.

Издөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1991-жылы туулган С.И., 1997-жылы туулган У.К., 1992-жылы туулган А.Н. кармалышкан. Алар Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген. Өспүрүм азыр коопсуздукта.

Бул факт Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренеси «Адамды уурдоо» боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталды.

Бирок, кийинчерээк милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы  Kaktus.media агенттигине  шектүүлөр муну пранк деп түшүндүрүшкөнүн айтты. Учурда тергөө иштери уланууда.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.