Балдар үйүнүн тарбиялануучусу дайынсыз жоголду

Бишкек, 04.05.2021 Sokol.media

2006-жылы туулган Колесник Вадим Александрович дайынсыз жоголуп, изделүүдө. Ал
ушул жылдын 31-мартында Военно-Антоновка айылындагы балдар үйүнөн качып кетип,  ушул күнгө чейин кайтып келе элек. 
Белгилери: бою 145 см, арыкчырай, чачы кара, жүзү каратору, көздөрү күрөң.
Сокулук районунун ИИБи билдиргендей, Вадим мурда да бир нече ирет качкан. Акыркы жолу бала 2020-жылдын декабрь айында табылып, балдар үйүнүн өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилген.

Мындан тышкары,  жашы жете элек бала  Бишкекте тилемчилик кылуусу ыктымал деген маалымат бар.
Бул бала  жөнүндө кандайдыр бир маалыматка ээ болгондор болсо төмөндөгү телефондор аркылуу байланышыңыздарды өтүнөбүз.
 Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын дежурдук бөлүмү : (0312) 43-01-27,
(0312) 43-88-85,

Деж. Сокулук районунун Ички иштер башкармалыгынын дежурдук бөлүмү: (0312) 60-75-67 ;0558 86 14 86
0701 80 18 03 (издөө тобу)

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.