Солтонбекова: Жалпы жабырлануучулардын саны 183 адамга жетти

Бишкек, 03.05.2021 Sokol.media

Жалпы жабырлануучулардын саны 183 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.

Анын айтымында 2021-жылдын 3-майдагы таңкы маалыматка ылайык, жалпы жабырлануучулардын саны 183 адам, анын ичинен тилекке каршы 34 жараныбыз көз жумган.
Маалымат жыйыны өтүп жаткан учурда Ализа Солтонбековага Лейлек районунун Максат айылынын дагы бир тургуну кайтыш болгону тууралуу кабар келип түштү. 3-май, түшкү саат 12.00гө карата кыргыз-тажик чек ара чатагынан кайтыш болгондордун саны 35 адам болуп калды.
“Бүгүнкү күндө 99 бейтап Бишкек шаарында жана Баткен облусунун ооруканаларында дарылануусун улантууда. Калган жабырлануучулар тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөн соң ооруканадан чыгарылып, амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. Бишкек шаарындагы жана Баткен облусундагы жабырлануучуларды кабыл алып жаткан бардык саламаттык сактоо уюмдарында азыркы тапта дары-дармек, медициналык каражаттар, кан жана анын компоненттери жетиштүү” – деди министрдин биринчи орун басары.
Ошондой эле Ализа Солтонбекова 30 — апрелден 2 — майга чейин Баткен облусундагы жабырлануучуларга кан тапшырууну каалаган 652 жаран кайрылып, алардын ичинен 469 адам кан тапшырышканын айтып, донорлорго терең ыраазычылыгын билдирди.
Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, кыргыз-тажик чатагынан бир тез жардам унаасы зыян тартып, Максат айылында бир ФАП ичиндеги жабдыктары менен кошо толугу менен күйүп кеткен. Башка айылдар боюнча чыгымдар такталууда.
Медиа – штабтын контактары:
Дареги: М. Баетова көчөсү 101,“B Hotel”
WhatsApp: +996708899709
Telegram: КР Медиа — штаб
Эл.дарек: mediashtabkg@gmail.com
Instagram: mediashtab.kg

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.