Оруктун ардагери: 86-жазымды тосуп отурам

Бишкек, 03.04.2021 Sokol.media

Кочкор районунун Кочкор айылынын тургуну Алый Айтбаева оруктун ардагери. Ал учурда 86-жазын тосуп отурат. Согуштагы кыйынчылык, жетимчиликтин азабы тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына айтып берди.

Алый Айтбаева жыйырма бир туугандан жалгыз калган.

«Атамдын аты Айтбай болчу. Азыркы Исакеев айылында туулгам. Апам Мария, атамдын төртүнчү аялы. Ага чейин жесир калган жеңелерин аялдыкка алып, жашап жүрүптүр. Атам менен апамдын ортосу 25 жаш айырма. Апам Марияны атасы Теңдик айылындагы тургунга күйөөгө бериптир. Кийин күйөөсү каза болуп калган экен. Ошондо кайын журту жесир калган келин менен кайын агасына нике кыймак болушат. Апам түн ичинде эч кимге көрүнбөй, Теңдик айылынан Исакеев айылындагы төркүнүнө жөө качып келет. Аркасынан кайын журту келип, алып кетмек болгондо менин атам кунун берип, алып калыптыр. Ошентип атам менен апам бир түндүктө жашап башташкан экен. Атам төрт аялдан жыйырма балалуу болуп, бардыгына көз тийип, каза болуп калышкан. Жалгыз мен эле калдым.

Атамдын миң кара кою бар экен. Ошондуктан миң койлуу Айтбай деп аташчу экен. Айылга чукул жерде эң биринчилерден болуп бак тигип, ал жак Айтбайдын багы деп аталып калган. Кийин согуш учурунда эл ал бактарды кыркып, отунга пайдаланышкан», — деди ал.

Каарманыбыз 7 жашында атасынан, 12 жашында апасынан айрылган.

«7 жашымда атам ооруп каза болуп калды. Анан согуш болуп, кыйынчылык ошондо башталды. Мектепке барып окуп келем. Түштө машак терип, колхоздун жумушуна кол кабыш кылам. Бала туруп, жоопкерчилик алып иштеп, чоңдорго кол кабыш кылчубуз. Жайында чөмөлөгө барып, күздө кырманда болуп, согуш бүткөнчө тыным алган жокпуз. Тилегенибиз жеңиш болчу. Агаларым согушка аттанып кетип, кайтып келген жок.

Эсимде, ал убакта согуш басылып калган учур. Айылыбызга бир жигит аскерден келе жатканын көрүп, айылдагы балдардын баары ага жабыла чуркадык. Мен агам Мамыркул келип калды го деп ойлоп, бара жатам. Жанымдагылар да агам согуштан кайтып келди деп чуркашса керек. Менин агам эмес экенин көрүп, аябай ыйладым. Азыр да «Саманчынын жолун» көргөндө, ошол окуяны эстеп ыйлайм. Жаңы согуш басылып, жакшы заман келе жатат деп сүйүнүп жаткан учурда, 12 жашымда апам Мария дүйнө салды. Ошондо жетимчиликтин азабын тарта баштадым.

Мектепте жакшы окучумун. 7-классты аяктап калган учурда Бишкек шаарындагы В.В.Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунан чакыруу келди. Ал учурда мектепти жакшы окугандарга окуу жайлардан чакыруу келип турчу. Акчам жоктугунан бара албай калдым. Таякем жол кире таап бере албай койду. Таажеңемдин ээрчитип келген кызын мени ордума жиберишти. Ал деле окуусун бүтпөй калганын кийин уктум. 3 жыл катары менен мени окууга чакырып жатышты. Атаң менен энең болбосо ошол экен да…

Бош жүрбөй, катчы болуп иштеп калдым. Бой жетип калган кызды тигиге, буга күйөөгө беребиз дей беришет эмеспи. Ошол учурда айылдашым, бирге окуган Абдуулат Финансы техникумду бүтүп, айылга келип калды. Анын үйлөнчү, менин күйөөгө чыга турган убагым келип калган. Атасы Айтбайдын кызына үйлөн деп айтып, биз баш кошуп калдык.

Абышкамды Нарынга жумушка алып, ошол жакка кетип жашадык. Ат-Башы, Нарын, Ак-Талаа, Тогуз-Торо райондоруна барып, казынада иштеп жүрдү. Мен балдар менен үйдө болуп калдым. 8 кыз, 1 эркек төрөдүм. Кийин атам бак тиккен жакты көрсөтүштү. Бак-дарактардын дүмүрлөрү эле калыптыр», — деди ал.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.