Октон качып, сууга агып каза болгон 5 жаштагы наристенин өлүмү боюнча териштирүү иши башталды

Бишкек, 03.04.2021 Sokol.media

Азыркы учурда социалдык тармактарга “Лейлек районундагы Арка айылында чек арадагы куралдуу кагылыштарда качып баратып “Фергана” каналына 5 жаштагы Турсунбаев Абидин Алибекович түшүп кетип каза болду” деген маалыматтар таркап жатат.
Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы бул маалыматка төмөнкүдөй расмий жооп берет:
2021-жылдын 29-апрелинде Лейлек районунун Арка айылында таджик тараптан ок аткылаган учурда ошол жердин жергиликтүү тургундары айылдан качып чыгышканда Арка-2 айылынын 01.07.2016-жылы туулган Турсунбаев Абидин Алибекович айылдагы каналга түшүп кетип каза болгон.
Бул факты 2021-жылдын 3-май күнү Лейлек РИИБнин маалыматтардын электрондук жураналына катталып, азыркы күндө текшерүү иштери жүрүп жатат.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.