Ондогон куткаруучу издеп жаткан 14 жаштагы бала тирүү табылды

Бишкек, 03.05.2021, Sokol.media

Сузак районунун Барпы айыл аймагынын Таштак айылында жоголгон 14 жаштагы С.Д., тирүү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Такталгандай, өспүрүмдү 2-май күнү саат 16:40 чамасында туугандары табышкан.

Белгилей кетсек, 1-майда анын үй-бүлөсү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жардам сураган. Алардын айтымында, бала үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес, анын уюлдук телефону каналдын жээгинен табылган. Биринчи күнү издөө иштери натыйжа берген эмес.

Издөө иштерине 31 куткаруучу тартылган.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.