Нур-Султанда орточо эмгек акыга 1,3 тонна ун алууга мүмкүн болсо, Бишкекте 584 кг

Бишкек,  03.05.2021 Sokol.media

Нур-Султанда орточо бир эмгек акыга 1,3 тонна  биринчи сорттогу ун, ал эми Бишкекте ошол эле акчага 2,3 эсеге аз (584 кг) сатып алууга болот. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети билдирди.
Белгиленгендей, Бишкек шаарында орточо айлык маяна эң төмөн. Ал болгону 266,3 долларды түзсө, Минскиде 710,9 долларга, Нур-Султанда 737,5 долларга, Москвада 1220,4 долларга жетет.
Бишкекте орточо бир эмгек акыга 49,8 кг уй этин, ал эми Нур-Султанда 129,2 кг уй этин, Москвада 203,7 кг, Минскиде 183,1 кг сатып алуу мүмкүн.
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн борборлорундагы орточо айлык эмгек акынын сатып алуу жөндөмүн салыштырмалуу анализдөө көрсөткөндөй, 2021-жылдын март айында Бишкек шаары эң керектүү продукциялар боюнча ЕАЭБдин башка борборлорунан артта калган, деп айтылат Улуттук статистика комитетинин материалдарында.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.