Наристелер үчүн арабалар. Чек арадан жабыркагандарга керектүү каражаттардын тизмеси

Бишкек, 03.04.2021 Sokol.media

Баткен районунда 27 миңден ашуун тургундар жашаган жерлеринен көчүрүлдү. Баланын укуктарын коргоочулар лигасы фонду эмнелер керектиги жөнүндө маалымдайт:
— спиртүү суу майлыктар;
— жалаяктар;
— наристелер үчүн тамак-аштар;
— наристелер үчүн арабалар;
— электр энергиясын иштеп чыгуучу генераторлор;
-, балдардын кийим-кечелери;
— сасык тумоонун алдын алуучу жана сасык тумоого каршы дары-дармектер;
— градусниктер,
— өспүрүмдөр үчүн кийимдер,
— жамынчуулар, жылуу кийимдер,
— оюнчук, топ, альбомдор,
— Балдардын психологиялык чыңалуусун басаңдатуу максатында тасма жана мультфильмдерди көрсөтүү үчүн проектор, ноутбуктар
— күн ысык болгонуна байланыштуу кепка, футболка, шортиктер керек
Бирдиктүү республикалык штабтын маалыматы боюнча, төмөнкүлөр зарыл:
— антибиотики: балдар жана чоңдорго;
— парацетамолдун суюк түрү;
— дицинон,
— аминакапроновая кислота,
— этамзелат,
— бинттер, марли, пахта, гигиеналык майлыктар;
— канды токтотуучу жгуттар (резиналуу эмес);
— дисоль,
— флакондордогу натрий хлориди;
— шприцтер,
— флакондордогу реополиглюкин;
— медициналык глицерин;
— глиатилин, цераксон;
— нитроглицерин
— эбрантил;
— магний сульфат;
— ооруну басуучу дары-дармектер: кетонал, морфин.
Жогорудагы заттарды алып келүүгө кызыктар болсоңуз, Спорт Ордосундагы Республикалык штаб сизди күтөт. Штаб күнү-түнү, дем алышсыз иштейт! Сурап-билүү телефону 1227

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.