Кыргыз-Тажик чек арасында каза болгон жарандардын саны 35ке жетти

Бишкек, 03.04.2021 Sokol.media

Кыргыз-Тажик чек арасында каза болгон жарандардын саны 35ке жетти.

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен тастыкташты.

Маалыматка ылайык, каза болгон жаран Максат айылынын 1967-жылы туулган тургуну болгон.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, каза болгон жаран ооруканада жаткандардын катарынан эмес.

«Маркум жаран ооруканада жаткан жарадардын арасынан эмес, ал Баткенде жеринен каза болгон. Ал жарандын сөөгү Лейлек районуна караштуу Максат айылында күйүп кеткен үйдүн ичинен табылган», — деди министр.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.