Каралоонун дагы чеги болот

Бишкек, 03.04.2021 Sokol.media

Каралоонун дагы чеги болот

 Филология илимдеринин доктору, профессор Маразыков Турусбек агай тууралуу чындыкка коошпогон, бир беткей материалдар “Азия ньюс“ газетасында көп жылдардан бери жарыяланып келет. Эми дагы Турусбек Маразыков агайды ак жеринен каралап, мүчө-корреспондент болуп кетмей болду деп, атактуу кишиге көө жаап, бузукулук кылган материалын жарыялаптыр. Макалада Турусбек агайды жакындан таанып-билбеген адамдар үчүн агай өз ишин билбеген жетекчи, жөндөмсүз окумуштуу сыяктуу образ калтырчудай жалган маалымат берилиптир. Бирок, кандай гана каралоолор жарыяланбасын, Турусбек Маразыков агай бийик адамкерчилик сапаттарга ээ инсан, белгилүү тилчи-теоретик окумуштуу, тажрыйбалуу педагог катары студенттердин, кесиптештеринин, шакирттеринин арасында чоң кадыр-баркка ээ болгон бойдон кала берет. Биз буга ишенебиз. Анткени Турусбек Маразыков агай – чын дилинен тандап алган багытынын өтөөсүнө чыгууга аракеттенген, текст таануу багыты боюнча биринчи жолу диссертация жактаган, тексттик лингвистика багытын кыргыз тил илиминде негиздɵɵчүүлɵрдүн бири. Илимге калп айтпаган, башкаларды дагы калп айттырбаган, талбай изденген, „кумурскадай“ эмгектенген окумуштуулар чанда гана. Биздин агай мына ушул сапаттардын бардыгына эгедер инсан!

Турусбек агайдын кандай окутуучу экендигин 1991-жылдан баштап КУУнун кыргыз филологиясы факультетинин босогосун аттап, ийгиликтүү аяктаган бүтүрүүчүлөр, тилекке каршы, бүтүрө албай калган студенттер дагы агайдын билимге карата катуу талаптарын жакшы билишет.

Турусбек Сейдакматович Маразыков педагогикалык ишмердүүлүгүндө кыргыз тилинин синтаксиси, жалпы тил илими, сүйлөө маданияты, стилистика, текст таануу, тил илиминин теориясы жана коммуникативдик лингвистиканын теориясы боюнча лекция окуп, практикалык сабактарды чейрек кылымдан бери өзү аяктаган факультетинде жогорку деңгээлде өткөрүп жүрөт.

Сабак өтүү учурунда агай тарабынан аудиторияда орнотулган тартип, студенттерге коюлган талап башка эже-агайлардын ыкмаларынан бир топ айырмаланат эле. Агайдын сабак учурунда келтирген мисалдары азыр деле ар бир студентинин эсинде болсо керек.

Турусбек Маразыков агай республикабыздын илимий коомчулугуна текст таануу, коммуникативдик лингвистика, стилистика, сүйлөшүү маданияты жана синтаксис боюнча чоң окумуштуу катары белгилүү. Ал – кыргыз тил илиминде текст таануунун өнүгүшүнө жаңылык алып келген «Текст таануу жана анын айрым маселелери 1-китеп» (2005), «Экстралингвистикалык факторлордун тексттеги интеграциясы 2-китеп» (2005), «Кыргыз тилинде текстти интеграциялоочу лингвистикалык каражаттар 3-китеп» (2005), “Тексттин коммуникативдик структурасы жана семантикасы” (Классикалык изилдɵɵлɵр сериясы. 2019-ж.), “Көркөм текст: иликтөө жана окутуу маселелери” (2020-ж.) аттуу 5 монографиянын(жалпы көлөмү 60 б./т. ашык), «Текст: маалымат алмашуунун негиздери» (2014), «Текст таануунун теориясы» (2014), «Тексттин стилдик түзүлүшү» (2014), «Тексттин уюшулуш маселелери» (2014) деген ЖОЖдун студенттери үчүн 4 окуу китебинин (жалпы көлөмү 40 б/т. ашык.), 80 ден ашуун илимий макалалардын (жалпы көлөмү 35 б./т. ашык) автору. Мындан тышкары Турусбек агайдын авторлош болуп жазган ЖОЖдор үчүн 7 окуу китеби (көлөмү 400 б./т. ашык), анын ичинде Кытай Эл Республикасындагы кыргыз студенттер үчүн жазган 2 окуу китеби (көлөмү 40 б/т. Үрүмчү., 2015.) бар.

Т.С.Маразыков агай – Кыргыз тили. /энциклопедиялык окуу куралын/ (көлөмү 31 б./т. Б., 2004.), “Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгүн” (көлөмү 40 б./т. Б., 2009.), “Кыргыз тилинин сөздүгүн” (көлөмү 90 б./т. Б., 2010.), “Жаңы кирген атоолордун орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгүн” (13000ге жакын сөз жана сөз тизмеги бар, көлөмү 35,25 б./т. Б., 2012.) жана“Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасын” (көлөмү 22 б./т. Б., 2015.), “Азыркы кыргыз тили. Стилистика” окуу китебин (көлөмү 22 б./т. Б., 2015.) түзүүчүлөрдүн бири.

Ал жалпы көлөмү 120 басма табактан ашык илимий эмгек жарыялаган.

Агай тарабынан даярдалган окуу китептери кыргыз тил илиминде жаңыдан изилденип жаткан коммуникациянын теориясы, тексттин лингвистикалык негиздерин жана интеграциясын чагылдырган, жогорку окуу жайларынын студенттери, аспиранттары жана жалпы эле илимпоздор үчүн жазылган мыкты окуу куралдары катары бааланат.

Турусбек Маразыков агай – 50 жаш курагында илимдин 2 докторун, илимдин 6 кандидатын даярдап өзүнүн лингвистикалык мектебин түптөп койгон чоң окумуштуу. Азыр дагы агайдын жетекчилиги менен 2 докторант, 3 аспирант илимий ишин жазып бүтүп, жактоо алдында турат. Бул фактыны кайда катууга болот?

Турусбек агайды каралап жазган ошол макаланын авторунун артында тарбиялап ээрчиткен окуучусу, шакирти бар бекен? Илимдин докторун даярдамак түгүл, 1-курстун студенттерине тыңгылыктуу сабак бере албагандар, илим жолунда тоголок арыздан башка колунан кокон тыйын келбегендер, оозуна келгенин оттогондор чоң окумуштууга “илимде окумуштуу деп эсептелбеген” деп баа бергенде күйбөгөн жериң күл болот экен. Ошол макаланын автору ачыкка чыгып, Турусбек Маразыковдун илимде орду жок, мына булардын негизинде деп далилдеп бере алабы? Жазган куру жалааларына ачык түз эфирде жооп бере алабы? Биздин буга күмɵнүбүз бар. Анткени кантип Турусбек Маразыков сыяктуу чоң окумуштууга ачыкка чыгып кине кое алат?

“Ит үрө берет, кербен жүрө берет?” деген таризде тенелбей койсок, күчөгөндөн күчөп барат бул аты белгисиз, абийири жок автор. Ачыкка чык!

“Азия ньюс” гезитинин Турусбек Маразыков сыяктуу белгилүү окумуштууну бир жактуу каралап маалымат таратканы журналистиканын принциптерине туура келбейт. Дагы бул багыт уланса, узак убакыттан берки жалган жалааларына бетме-бет жооп берүү үчүн, чүмбөт тагынган автор менен ачык жүздөшүү максатында соттук териштирүүгө чейин бараарыбызды билдиребиз. “Жүзүңдү ач, Гүлчөтай”, сенин дагы баскан жолуңду, кылган эмгектериңди, илимдеги изиңди тааныйлы…

Авторлор: профессор Турусбек Маразыковдун шакирттери — ф.и.д., профессордун м.а., ТМУнун проректору С.Жумалиев, ф.и.д., проф. Рыспаева Г., ф.и.к., доцент Акынбекова А.Ү., ф.и.к., доцент Алымбаева З.А., ф.и.к., доцент Кадырова Ч., ф.и.к., доцент Мапаева Н., ф.и.к., доцент Көчөрова Г., ф.и.к., доцент Бийгелдиева К., улук окутуучу Туменбаев А.Р., улук окутуучу Калчаева Л.Т., улук окутуучу Кылычбаева Э.З., улук окутуучу  Алымова С., улук окутуучу Элтүзорова Г.Д., улук окутуучу Досалиева Р., окутуучу Бекназарова Б.

Читайте также:

1 комментарий

  1. Аноним:

    Мен Турусбек агайдан сабак албаганыма өкүнөм! Студенттер суктануу менен айтышат агайдын сабак өткөнүн. Ал эми, агайды каралап жаткан, өзү тыңгылыктуу сабак өтөт бекен? Студенттер аркасынан түшүп, сабак өтүүсүн талап кылып жатып өтүлөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.