Арка айылынын тургуну: Тажикстандан келгендер неберелеримдин кийимдеринен бери алып кетишиптир

Бишкек, 03.04.2021 Sokol.media

Кумара Өмүрзакова Лейлек районунун Арка 2 айылынын жашоочусу. Өткөн аптада Кыргыз-Тажик кагылышуусунда жабыр тарткан үй-бүлөлөрдүн бири.

Өмүрзакова 11 жыл Москвада иштеп жүрүп тапкан үй, андагы буюмдарынын баарын тажик тарап көтөрүп кетиптир деп кейиди. Айтымында, келининин себин, кызына даярдаган себин, эмеректерин, келинине деп алып берген таттуу даярдоочу жабдыктарын, тигүү цехиндеги 5 тигүүчү машина жана тигүүчүлүккө керектелген жабдыктары жоголгон.

«Ошондой эле жаңы кийим-кече, алтын кооздуктар, килемдерди алып кетишиптир», — деди ал.

Анын жолдошу Тураржон Махмудовдун айтымында, унаасынын тетиктери, ширетүүчү жабдык жана сейфтеги 390 миң рубль, 1700 доллар жана 30 миң сом акчасы жоголгон.

«Жакында өрүк сатып акчасын сейфке сактаган элек. 29-апрель күнү кечки саат 19:00 чамасында ок атышуу башталып, үй-бүлөбүз менен качып кеттик. 2009-жылдан бери Москвада иштеп, быйыл келдим эле», — дейт Махмудов.

Анын 75 жаштагы атасы Токтосун Маллаев балдарынын 11 жылдык эмгеги, жакшы турмуш үчүн көргөн аракеттери бир күндө чачылып жок болгонун айтты.

«Ошончолук да жырткыч болобу? Тажикстандан келгендер неберелеримдин кийимдеринен бери алып кетишиптир, башкасын айтпасам да белгилүү болуп турбайбы», — деди кейиген Маллаев.

Булак: Супер кж

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.