1-июлда 5 жашка толмок. Тажиктердин огунан каза болгон Абидин

Бишкек, 03.05.2021 Sokol.media 

Тажиктер басып киргенде Арка айылынан качып бара жатканда каналган агып каза болгон 5 жашар баланын өлүмүн жергиликтүү оорукана тастыктады.

Барчын Аманова “Кечир бизди наристе” деп жазып баланын сүрөттөрүн жарыялаган.

Дагы бир периштебиз, келечектеги бир үй бүлөнүн ээси болчу наристе учуп кетиптир. 29.04.21 саат 19.15те Арка айылынын тургундары Тажикстан террористтик кол салган дүрбөлөңдө атылган окту угуп жатышты. Бир кезде жардыруулар башталып сыртка атып чыкса эле уйлор орттонуп баштайт. «Качкыла!» деген кыйкырык угулат. Мындай апаатты омурундо корбогон карапайым эл баары тоону коздой качып жоношот. Абидиндин апасы да уулун колунан сүйрөй экинчи наристесин бооруна кысып эл менен кошо чуркайт. Арасында жашы да, карысы, боюнда бар келиндер, майыптар бар. Эмне болгон апаатты тушунбогон эл Фергана каналынан өтмөкчү болот. Эми жетишкенде кезектеги снаряд жарылып, Абидин сууга тушуп агып кетет. Денесин чоочун кишилер көрүп калып кармап калышат, дагы 200 метрдей агып барса тажиктер тарапка өтүп кетип табылбай калмак экен. ТУРСУНБАЕВ АБИДИН АЛИБЕКОВИЧ 1-июлда 5 жашка толмок. Ата-эненин туң уулу, кокурок кучугу, ширин небере. Оз айылына комгонго болбой калыптыр, тажиктер атып жатышкан, Даргаз айылына жерге беришиптир…..Террорист Э. Рахмонов, шейит кеткендерге сыздагандардын коз жаштары сага тынчтык бербесин. Сен террорист, киши олтургуч, кылмышкерсин!”,-деп жазган Барчын Аманова.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.