Кудрет Тайчабаров: Кызуу кандуулук менен бүт өлкөнү кырдыртып салбайлы

Журналист Кудрет Тайчабаров фейсбук баракчасына билдирүү калтырды:

«Адис болбогондон кийин акыл үйрөтө бербегилечи!
Армиянын баары турат Баткендин ар кайсы жеринде. Достуктан, Аркадан келген видеолордо “тарт мынавы танкаларды, солдаттар приказ күтүп атпай атат” деп жөнөтүп атышат го, кантип көрбөй атасыңар?! Жетекчилер силер каалагандай согушабыз деп алып барып койгон. Камчыны да Садырды да атайын кызматтар токтотуп турат, провокацияга алдырбайлы деп.
Азыр биздикилер ответка берчү эле болсо воздухтан “сарылар” жардамга келе калат. Шсеть секундда өлкөнүн жарымын күлгө айлантып салат. Ошондо эмне рогатка менен атасыңарбы истребитель, вертолетторду? Кызуу кандуулук менен бүт өлкөнү кырдыртып салбайлы. Акыл үйрөтүп, ачууланып кыйын болбой жөн туралы. Карап отурса кара кызы деле, мадырабашы деле, кемпир чалы деле военный стратег болуп атасыңар. Эгер силер ойлогон вариант туура болсо давно Ташиев автоматын көтөрүп алып алдында чуркамак. Заборду ашып ийген кызуу кандуулугун унута элексиңерби? Демек, ал вариант туура болбой калат окшойт деп унчукпай калсаңар.
Куралды таратты дейли. Ким кимди угат? Аскерлер го командирине жүз пайыз баш иет, болбосо трибунал. Башаламандык нак ошондо башталат.
Андыктан, бир билгендери бар деп туралы. Тажик тарап азыр кылып аткан аракеттерине Эл аралык комиссиянын астында катуу жооп берет»,-деген ал.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.