ВИДЕО-Тажикстанда Эмомали Рахмондун отставкасын талап кылгандар көбөйдү

Бишкек, 30.04.2021 Sokol.media

Тажикстанда президент Эмомали Рахмондун отставкасын талап кылган эстафета башталды.

«Ислох» сайтынын башчысы, опозиционер журналист Мухаммадикболи Садриддин баштап берген бул эстафетаны ондогон жөнөкөй тажикстандыктар колдоого алып, бийликке карата өздөрүнүн ачык кебин, ачуу сөзүн айта баштады.

Тажикстандын баардык облус, шаарларынан активисттер чыгып, «Эмомали Рахмонго импичмент жарыялайбыз» деген видео тартып, бири – бирине эстафета кылышууда. Эстафеталык видео кайрылууларды «Ислох.нет» сайты жалпыга жар салууда.

Видео кайрылууларда «Эмомали Рахмон 28 жылдан бери кландык башкаруусун күчөтүп, тууган – уругу, бала – чакасы менен тажик улутун, Тажик мамлекетин жок кыла турган болду. Мамлекетти карызга батырды. Коншуларыбыз менен достугубузду жок кылды. Буларга импичмент жарыялансын» – деген чакырыктар айтылган.

Буга чейин аталган журналист бийлик тарабынан кугунттукталып, бир нече кылмыш иши козголгон. Ал Тажикстандын президентин үй-бүлөлүк баңги соодасын жүргүзгөндүктө айыптап, аны байма-бай сындап келет.

Булак: Эркиндик медиа

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.